Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Баарыбызга орток күн: Советтер Союзу Жеңишке кантип жеткен. Видео

Sputnik Ближнее зарубежье (@SputnikLive) бүтүндөй Советтер Союзу Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке кантип жеткенин айтып берген.
Sputnik
Миллиондогон киши, миңдеген өндүрүш, жүздөгөн тонна азык-түлүк — бир муштумга түйүлгөн Советтер Союзу согуштун алгачкы мүнөттөрүнөн эле душманга каршы турду.
Союздагы ар бир республика гитлердик баскынчыларды кыйратууга опол тоодой салым кошту. Фронтко кеткендердин аягы тыйылбай, эл завод менен госпиталдарда тыным албай иштеп, оорук согуш оту күйгөн аймактардан эвакуациялангандарды кабыл алып жатты.