БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Владимир Путин Россия Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке союздаштардын кошкон салымын жогору баалай турганын билдирди.
Ал Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган Кызыл аянттагы кайрылуусунда аталган согушка планета калкынын 80 пайызы тартылганын белгилеген.
"Нацисттик Германиянын, милитаристтик Япониянын жана алардын дүйнөнүн төрт тарабындагы тарапташтарынын талкаланышы мамлекеттердин жалпы күч-аракетинин натыйжасы болду", — деди Путин.
Ошондой эле ал Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктарын бурмалоого жол берилбесин, Кызыл Армиянын жоокерлеринин ар-намысын коргоо милдет экенин айтты.
"Советтер Союзунун аймагындагы чечүүчү салгылашуулардан кийин Европада Экинчи фронттун ачылышы жеңишти жакындатканын дайым эстеп жүрөбүз. Биз союздаш армиялардын жоокерлеринин, каршылык көрсөтүү кыймылынын, Кытайдын кайраттуу элинин жана тынчтык үчүн күрөшкөндөрдүн баарынын салымын жогору баалайбыз", — деди Путин.