Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин менен Си Цзиньпин Москвада Украина маселесин талкуулашты

Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин Украина баштаган бир катар маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу РИА Новости Кытайдын Тышкы иштер министрлигине таянуу менен жазды.
"Си Цзиньпин Украина боюнча кызматташууга негизделген жалпыга орток глобалдуу коопсуздуктун туруктуу концепциясын жактай турганын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Си Цзиньпиндин айтымында, КЭР бардык мамлекеттердин коопсуздук жаатындагы тынчсыздануусун эске алып, кризистин түпкү себебин жоюу зарыл.
"Кытай тынчтык орнотууга жасалган аракеттердин баарын кубаттап, диалог аркылуу адилеттүү, узакка созулган, бардык тарапка ылайык келген тынчтык келишими кабыл алынарына ишенет", — деген өлкө лидери.
Си Цзиньпин — Москвада өтө турган Жеңиш парадына келген ардактуу меймандардын бири.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Украина боюнча бир чечим кабыл алууга мезгил жеткенин айтты