БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Улуу Жеңиштин келишине Борбор Азия менен Закавказьенин жашоочулары болуп көрбөгөндөй салымын кошту, алардан фронт муктаж болгон нерселер эшелондоп келип турду. Бул туурасында РФ лидери Владимир Путин Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Кызыл аянтта өткөн парадда сүйлөп жатып баса белгиледи.
"Жеңишке борбор азиялыктар менен закавказьеликтер ири салымын кошту, жардам тынымсыз эшелондоп жөнөтүлүп жатты. Бул жерлерге госпиталдар жайгашып, эвакуацияланган миңдеген адамдар өздөрүнүн экинчи үйүн тапты. Тосуп алгандар баш калкалатып, бир үзүм нанын бөлүшүп, жылуу тосуп алышты", — деди Путин.
Ал нацисттердин Советтер Союзун басып алабыз деген тилеги өлкөлөрдүн биримдигинен улам таш капкандыгын, ал эми согуштун оор түйшүгүн бардык республикалар көтөргөндүгүн белгиледи.
Путин белгилегендердин ичинде Ленинграддан Кыргызстанга эвакуацияланган балдарды багып алган Токтогон Алтыбасарова да бар.
Sputnik Кыргызстан Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата өтүп жаткан Москвадагы аскердик парадды түз алып көрсөтүүдө.