Жүрүш саат 9:00дө Дайыр Асанов атындагы парктан башталды. Катышуучулар Жукеев-Пудовкин жана Ибраимов көчөлөрү менен Жеңиш аянтындагы Өчпөс от мемориалына чейин жөө басышты. Быйылкы жылы борбордук трассалардагы оңдоо иштерине байланыштуу каттам өзгөртүлгөн.
Элдер согуш ардагерлеринин, тыл эмгекчилеринин, концлагерь туткундарынын сүрөтүн көтөрүп чыгышты. Көпчүлүк ата-бабасынын эрдигин муундан-муунга өткөрүп берүү үчүн үй-бүлөсү менен келген.