Дүйнө лидерлери Садыр Жапаров менен Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттукташты

Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Дүйнө лидерлери президент Садыр Жапаров менен Кыргызстан элин Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап жатышат. Алардан келген телеграммалардын тексти мамлекет башчынын сайтына жарыяланууда.
Куттуктоо телеграммасын алгач Россиянын лидери Владимир Путин, андан соң Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын ажосу Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Азербайжандын башчысы Илхам Алиев, Беларусь жетекчиси Александр Лукашенко, Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдулазиз Аль Сауд жолдоду.
Мындан тышкары,Түркмөнстан Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов дагы өлкө башчыга жана кыргызстандыктарга куттуктоосун жөнөткөн.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Өкмөт башчылар кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктап жатышат