БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Чет мамлекеттердин өкмөт башчылары министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевди жана жалпы кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктап жатышат. Премьер-министрлердин телеграммалары мининстрлер кабинетинин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, куттуктоолорду ушул тапта Александр Турчин (Беларусь), Олжас Бектенов (Казакстан), Михаил Мишустин (Россия), Кохир Расулзода (Тажикстан) жана Абдулла Арипов (Өзбекстан) жөнөткөн.
Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган куттуктоолордо советтик жоокерлердин жана тылдагы эмгекчилердин эрдиги, алардын эркиндик жана тынчтык үчүн күрөшү өзгөчө белгиленип, бул Жеңиш элдердин биримдигинин, кайраттуулук менен жан аябастыктын түбөлүктүү символу болуп калары айтылды.
Ошондой эле бардык билдирүүлөрдө өлкөлөрдүн ортосундагы достук, өз ара урмат жана өнөктөштүк мындан ары да чыңдалып, өнүгөрүнө ишеним артылган.