БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Москвадагы парадга катышуу — чоң сыймык. Бул тууралуу Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Sputnik агенттигине билдирди.
"80 жыл мурун фашизмди жеңген чоң аталарыбыз Кызыл аянтта болушкан, бүгүн биз дагы ушул жерде болушубуз керек. Жоокерлерибиз Кызыл аянттан өтүштү", — деди ал.
Белгилей кетсек, Москвадагы Кызыл аянттан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы өттү. Сапты полковник Нурбек Дүйшөнбаев жетектеди.
РФ президенти Владимир Путин Жеңиш парады аяктаган соң ага катышкан өлкөлөрдүн аскердик күчтөрүнүн командачылары, анын ичинде Кыргызстандан барган полковник Нурбек Дүйшөнбаев менен учурашты.