Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Бишкектеги "Өчпөс полк" жүрүшүн баштады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Борбор калаада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына карата уюштурулган "Өчпөс полк" өз жүрүшүн баштады.
Согушка катышкан муундун урпактары сүрөттөрдү көтөрүп калаанын түштүгүндөгү Дайыр Асанов атындагы паркка келип, эл ошол жерден жылды.
Акцияга катышкандардын арасынан улууларды, балдарды көрүүгө болот. Ал жерге Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов да келди.

Жүрүш бул сапар Жукеев-Пудовкин — Ибраимов көчөлөрү аркылуу өтөт да, Жеңиш аянтына келет.
1 / 10

Акцияга катышкандардын арасынан улууларды, балдарды көрүүгө болот. Ал жерге Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов да келди.

2 / 10

Борбор калаада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына карата уюштурулган "Өчпөс полк" өз жүрүшүн баштады

3 / 10

Согушка катышкан муундун урпактары сүрөттөрдү көтөрүп калаанын түштүгүндөгү Дайыр Асанов атындагы паркка келип, эл ошол жерден жылды

4 / 10

Жүрүш бул сапар Жукеев-Пудовкин — Ибраимов көчөлөрү аркылуу өтөт да, Жеңиш аянтына келет

5 / 10

Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышып, 152 миңден ашууну курман болгон

6 / 10

Бишкектеги "Өчпөс полк" жүрүшү

7 / 10

Бишкектеги "Өчпөс полк" жүрүшү

8 / 10

Бишкектеги "Өчпөс полк" жүрүшү

9 / 10

Бишкектеги "Өчпөс полк" жүрүшү

10 / 10

Бишкектеги "Өчпөс полк" жүрүшү

Маалымат үчүн. Кыргыз ССРинен Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң адам катышып, 152 миңден ашууну курман болгон. Калганы ар кайсы жылдары кайтып келген. Бул кандуу кагылыштарда тайманбастыгы, баатырдыгы үчүн 150 миңдей командир жана жоокерлер орден-медалдар менен сыйланган, 21 кыргызстандыкка Даңк орденинин толук кавалери, ал эми 70тен ашуун жараныбызга эң жогорку — Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Сузактын аткаминерлери райондогу жалгыз ардагерге унаа белек кылышты