БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Бүгүн, 9-майда, Чүй облусунда
Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган “Жеңиш” аталышындагы автожарыш өттү.
Уюштуруучулар Бишкектин четиндеги иш-чарага 50дөн ашуун көлүк катышканын билдиришти. Алар марада бир мүнөт аза күтүп, көз жумган ар бир ардагердин элесине арналган шар кое беришти. Ошондой эле түрдүү сынактар, викториналар уюштурулду.