Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Вэнс АКШ Украина боюнча сүйлөшүүлөрдөн кандай учурда чыгарын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. АКШ Москва менен Киевдин эпке келүүсүнө багытталган аракеттерди уланта берет, бирок жылыш болбой жатканын байкаса сүйлөшүү процессинен чыгат. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс айтканын РИА Новости Fox News телеканалына таянуу менен жазды.
"Биз бекем тынчтыктын орношу үчүн эки тарапты жакындаштыруу жаатында иштей беришибиз керек. Азырынча максатыбызга жете элекпиз. Жылыш болбой калгыча аракет улана бермекчи", — деп кошумчалаган Вэнс.
ЖМКлардын "андан кийин АКШ сүйлөшүүлөрдөн чыгабы" деген тактоочу суроосуна вице-президент "ооба" деп жооп берген.
Өз кезегинде АКШ президенти Дональд Трамп Украинада ок атууну 30 күнгө чейин токтотууга чакырып жатат. Ал атышууну тез арада эле токтотууга болорун, макулдашуу шартынын аткарылышын көзөмөлдөөчү чара катары аны бузган тарапка санкция киргизилерин белгилеген.
"Россия менен Украинанын сүйлөшүүсү уланууда. АКШ алдын ала коюлган шарты жок эле атышууну 30 күнгө токтотууга чакырат", — деп айтылат макалада.
Трамп тынчтык Россия менен Украина жана аны колдоп жаткан Европанын ортосунда орнойт деп үмүт артып жатканын да кошумчалаган.
"Ок атууну токтотуу тынчтык келишимине алып келиши керек. Бул тез арада ишке аша турган нерсе. Эгер менин кызматым керек болсо, ошол замат аны аткарууга даяр болом", — деген АКШ лидери.
Буга чейин РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф менен жолугушууда Киев менен эч кандай шарты жок эле сүйлөшүүлөргө даяр экенин тастыктаган. Анткен менен Песков Украина ушу кезге чейин Россия менен жолугушууга салган тыюусун ала электигин да эске салган.
Россия Украинанын кепке келүү ниети жоктугун белгилеп келет. РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова буга Зеленскийдин Лондондогу жолугушууну үзгүлтүккө учуратканын, Пасха учурундагы ок атышууну токтотуу сунушун жана энергетикалык объектилерге сокку урууга жарыяланган мораторийди көз жаздымда калтырганын мисал келтирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин менен Си Цзиньпин Москвада Украина маселесин талкуулашты