Ишенбай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту бүгүнкү күндө өлкөнүн авиация тармагынын өнүгүүсүнө чоң салым кошуп келет. Эл аралык кызматташууну жакшыртып, жогорку квалификациялуу адистерди даярдап келет. Окуу жайга уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны кеңири берүүнү караган өзгөчө статус берилди.
Мындай макам кандай артыкчылыктарды берерин Ишенбай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун директору Улан Курманов “Күн башат” программасында айтып берди.