10-майга карата аба ырайы

10-майда тоолуу райондордо нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Ишембиде өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 24…29, Талас өрөөнүндө 21…26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 26…31, Ысык-Көл, Нарын чөлкөмдөрүндө 17…22 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 25…27, ал эми Ош шаарында 29…31 градусту көрсөтөт.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
30 миң киши, баатырлардын сүрөтү. Бишкектеги "Өчпөс полк" жүрүшүнүн видеосу