БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын чагылдыруу үчүн борбордук "Манеж" көргөзмө залында Эл аралык пресс-борбор ачылганын Sputnik Ближнее зарубежье билдирди.
Бул жай бир учурда эле ЖМКлардын 2,5 миңге чукул кызматкерин тейлей алат. Борбор саат 6:00дөн тарта 2:00гө дейре 10-майга чейин иштемекчи.
Ал жерге бир нече стенд орнотулган. "Россиянын почтасы" деп аталган бөлүмүнөн дүйнөнүн каалаган жерине Жеңиш парадынын белгиси түшүрүлгөн открытканы бекер жөнөтүп, андан сырткары, сувенирлерди алса болот. "Сбер" стендинен карта алып, валюта алмаштырып, баасы 4 миңден 15 миң рублге чейинки күмүш монеталардын ээси болуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми "РЖД" аталышындагы стендде орнотулган тренажер журналисттерге поезд айдап, каалагандары Жеңиш жолдору боюнча кенен маалымат ала алат.