ЕАЭБдин тарифтик жеңилдигин колдонуучуларга Иордания, Ливан жана Самоа кошулду

Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Иордания, Ливан жана Самоага ЕАЭБдин тарифтик жеңилдиктери колдонулат. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жеңилдиктер өнүгүп келе жаткан жана начар өнүгүп жаткан өлкөлөргө пайдаланылат.
"Бул өзгөртүүлөр айрым товарларга бажы төлөмдөрү төмөндөтүлүп же такыр алынат. Экономикалык көрсөткүчтөрдүн талдоосуна ылайык, Иордания, Ливан жана Самоа өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн катарына кошулуп, ЕАЭБдин тарифтик жеңилдиктерин колдоно алышат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Бутан Королдугу менен Сан-Томе жана Принсипи республикалары да жеңилдиктерди колдонгондордун катарында экени белгиленип, ал эми Маршалл аралдары жана Эль-Сальвадор республикаларынан бул жеңилдиктер алып салынганы кошумчаланды.
ЕЭК министри уюмдун экономикасынын локомотиви боло турган тармактарды атады