Анда 3000ге жакын аскер кызматкери жана 120дан ашык аскердик техника, анын ичинде С-300 жана С-125 ("Печора") комплекстери, "Байрактар", "Аксүңгүр" жана "Акынжы" учкучсуз учактары көрсөтүлдү. Ошондой эле параддан тик учактар жана Канттагы авиабазанын истребителдери катышты.
Борбор калаада коопсуздукту 2500дөн ашык милиция кызматкери камсыздап жатат.
Президент Садыр Жапаров алгач Жеңиш аянтындагы монументке гүлчамбар коюп, андан кийин бир мүнөттүк аза күтүлүп, аскерлер үч жолу асманга ок чыгарды.
Мындан кийин өлкө башчы аскердик парадды кабыл алуу үчүн "Ала-Тоо" аянтына келип, 9-май — жүздөгөн элдерди бириктирген ыйык дата экенин айтты.
"Улам жаңы изилдөөлөр жүрүп, Кыргызстандан согушка аттангандардын, согушта көрсөткөн эрдиги менен айырмалангандардын саны алда канча көп экени далилденүүдө. Мунун өзү биздин тарыхчылардын ата-бабаларыбыздын элеси үчүн тактап жаза турган иштеринин арбындыгынан кабар берип турат. Биз мына ошол кан кечкен майданда Союздун курамындагы бардык элдердин өкүлдөрү менен ийиндеше салгылашкан ата-бабаларыбызды сыймыктануу менен эскеребиз", — деди өлкө башчы.
Жапаров 9-май — ата-бабаларыбыздын майтарылбас эркин, жалтанбастыгын жана баатырдыгын эске салган өзгөчө дата экенин белгиледи.
Эске салсак, мамлекет башчы эртең, 9-майда, Москвада өтө турган Жеңиш парадына конок катары катышат.
Тема боюнча: