БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Аталарыбыздын өмүрү менен келген тынчтыкты балдарыбыз менен неберелерибиз үчүн сактап калышыбыз зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик параддагы сөзүндө билдирди.
Мамлекет башчы Экинчи дүйнөлүк согуш адамзат үчүн сабак болушу керектигин айтып, андан азыр да туура жыйынтык чыгара билүү кажет экенин кошумчалады.
"Мындан ары мындай кызыл кыргынды болтурбоонун жолун издөө азыр да актуалдуу. Биз мына ошого жооптуу болушубуз абзел! Аталардын жасап кеткен чен-өлчөмсүз иштерин, он миллиондогон бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган алаамат согуштун адам баласына тийгизген кесепетин урпактар эч качан унутпашы үчүн тынчтыктын, бейпилчиликтин баа-баркын билип жашоону кийинки муунга үйрөтүүгө милдеттүүбүз. Аталарыбыздын өмүрү менен келген тынчтыкты балдарыбыз менен неберелерибиз үчүн сактап калышыбыз зарыл. Мына ошондуктан биз ар жыл сайын Улуу Жеңишти ары сыймыктануу, ары урматтоо, ары сабак болуш үчүн белгилейбиз", — деди Жапаров.
Өлкө башчы аталар кан кечкен согушта Улуу Жеңишке жетсе, азыркы муун бейпил келечек үчүн эмгектенүүдө жеңиштерге жетишин тиледи.