БИШКЕК, 8-май — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп украин кризиси кандайдыр бир чечим кабыл алуучу чекке жеткенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Айтор, бир чечим кабыл ала турган мезгилге жеттик. Мындай кырдаал мага көп жага бербей турат", — деген Трамп Ак үйдөгү иш-чаралардын биринде.
Өлкө башчы чечимдер кандай мүнөздө болорун, аларды ким кабыл аларын ачыктаган эмес.