БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Садыр Жапаров балдардын өлүмүнө байланыштуу Эркин Чечейбаевди урушуп, сөгүш берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлап, видеосун жарыялады.
Маалыматка караганда, өлкө башчы параддан кийин Республикалык диагностикалык борборго күтүүсүз барган. Борбордо майдын башынан бери чет элдик адистер жүрөгү ооруган балдарга операция жасап, программа башталгандан бери үч бала чарчап калганы өлкө башчыга кабарланган. Мунун себеби катары чакырылган адистер борбордо зарыл шарттар жок экендигин айтышты.
"Диагностика эскирген УЗИ аппаратында жүргүзүлөт. Толук кандуу стерилизациялоочу бөлмө жок, мындан улам жабдуулар башка медициналык мекемеге унаа менен жеткирилүүдө. Бул бейтаптарга инфекция жугузуу коркунучуна дуушар кылууда", — деген чет элдик адистердин бири.
Муну уккан мамлекет башчы ачууланып, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевди какты.
"Мен сени кабинетте отурба, кыдырып иште дебедим беле?! Иштегениңе канча болду? Эки айдан бери креслого көчүгүң жабышып калдыбы? Бул жакта кичинекей балдар өлүп жатса, сен кабинетиңде отурасың. Мындан артык эмне жумушуң бар? Чакырып атса да "ал жакта мурдатан бери эле көйгөй бар" деп келбейт экенсиң. Чечпейсиңби! Эки күн ичинде бул жакка эмне керек болсо, ошонун баарын таап бер. Сөгүш сага! Бул жакта көйгөй чечилмейин ушул жакта жашайсың", — деген Садыр Жапаров.
Соңунда өлкө башчы ооруканадагы көйгөйдү чечүү үчүн министрге эки күн убакыт берип, чечилбесе аны иштен аларын кошумчалады.