Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Путин Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады

Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин мамлекет башчы Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады. Президенттин сөзү Кремлдин сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, ошондой эле куттуктоо Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Абхазия, Түштүк Осетия, Израиль, Грузия жана Молдова өлкөлөрүнө жөнөтүлдү.
Россия лидери бул мамлекеттер нацисттик баскынчылар менен салгылашкан аталардын элесин ыйык тутуп, эскерип келерин белгиледи.
"Биздин милдетибиз — баатырлардын осуятын ыйык тутуу. Андыктан жалпы тарыхыбызды өзгөртүүгө аракет кылгандардын жолун бууп, нацисттер жасаган ишти актоого жол бербешибиз керек", — деди РФ президенти.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Бишкекте Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парад жыйынтыкталды