Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Жеңиштин 80 жылдыгына карата жарыялаган элдешүүнүн мөөнөтү башталды

Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Россиянын президенти жана Куралдуу күчтөрүнүн кол башчысы Владимир Путин Жеңиштин 80 жылдыгына карата жарыялаган элдешүүнүн убактысы башталды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Россия гуманитардык кадамдардан улам мамлекет башчынын чечими менен Жеңиштин 80 жылдык урматына 8-майга караган түндөн (саат 00:00дөн – ред.) 11-май саат 00:00гө чейин элдешүү жарыялаганын Кремль мурдараак билдирген.
РФ буга чейин сунуштаган Пасха учурундагы, ага кошумча, 8-9-майдагы бул элдешүү эки мамлекеттин ортосундагы узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотууга жол издөөгө Киевдин даярдыгын текшерүү экендигин Кремль өкүлү Дмитрий Песков журналисттерге айткан.
Ал согуш оту Киев тараптан ушундай эле кадам жасалса токтой турганын, эгерде россиялык позицияларга, объектилерге сокку уруу аракети улана берсе дароо жооп болорун кошумчалады.
Владимир Зеленский өткөндө Пасха учурундагы кепке келип, атышпай туруу тартибин сактоого олку-солку болуп жатып макул болгону менен кийин аны сактаган эмес. Путин сунуштаган элдешүү 19-апрель саат 18.00дөн 21-апрель саат 00.00гө чейинки мөөнөттү камтыган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Россиянын ок атышууну токтото туруу чечимине баа берди