Садыр Жапаров Москвага Жеңиш парадына катышуу үчүн барды

Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Москвага барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчынын учагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конгон. Жапаровду Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алган.
Мамлекет башчысына мындан туура 80 жыл мурда 1945-жылдын 9-майында жарык көргөн “Кызыл Кыргызстан” жана “Правда” гезиттеринин тарыхый сандарынын көчүрмөлөрү тапшырылды. Алардын беттеринде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш тууралуу алгачкы расмий билдирүүлөр жарыяланган.
1 / 3

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Москвага барды

2 / 3

Мамлекет башчысына мындан туура 80 жыл мурда 1945-жылдын 9-майында жарык көргөн “Кызыл Кыргызстан” жана “Правда” гезиттеринин тарыхый сандарынын көчүрмөлөрү тапшырылды

3 / 3

Алардын беттеринде Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш тууралуу алгачкы расмий билдирүүлөр жарыяланган

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтө турган юбилейлик Жеңиш парадына катышат.
Ага КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык бөлүгү да катышмакчы.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Путин Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады