БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы цементтин баасына мониторинг жүргүздү.
Ведомство баанын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында базардагы сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген.
Түштүктө баа туруктуу экени, ал эми түндүктө М-400 үлгүсүндөгү цементтин баасы заводдордогу оңдоо иштерине жана сезондук суроо-талапка байланыштуу кымбаттаганы белгиленди.
"Айрым заводдор бааны 10-20 сомго чейин көтөрсө, башкалары мурдагыдай эле калтырган. Цементтин басымдуу бөлүгү ири сатып алуучуларга, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компанияга багытталууда. Түшүндүрүү иштеринен кийин кээ бир жерлерде баа төмөндөдү", — деп жазылат мекеменин маалыматында.
Ведомстводон билдиришкендей, Терек-Таш комбинаты 15-майдан тарта ишин улантат, ал эми Канттагы завод штаттык режимде иштеп жатат.
Sputnik агенттигинин кабарчысы цемент сатуучу бир нече пунктуга телефон чалып, бир кабы (50 кг) 530дан 600 сомго чейин сатылып жатканын билди.