ӨКМ: алдыдагы үч күндө нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү күтүлөт

Sputnik
БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Өлкө аймагында 9-11-майда нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул мезгилде тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо аба ырайы туруксуз болот.
"Жаай турган нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызгидромет бейшембиден баштап күндүн көзү бузулуп, ишемби жана жекшембиде көпчүлүк жерде жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн экенин билдирген.
Радио
Беренбеков: быйыл табият кырсыгы 826 жерде болушу мүмкүн