9-майга карата аба ырайы

9-майда тоолуу райондордо нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Нарын чөлкөмдөрүндө 23…28, Талас өрөөнүндө 21…26, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 25…30, Ысык-Көл жеринде 22…27 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 24…26 жана Ош шаарында 26…28 градусту көрсөтөт.
ӨКМ: алдыдагы үч күндө нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү күтүлөт