Быйылкы туристтик мезгилге даярдык кандай? – Ички туризм кандай өнүгүүдө?

Sputnik
Кыргызстанда туристтик сезонго май айында старт берилет. Туризм департаментинен билдиришинче 1–майдан 11-майга чейинки эс алуу күндөрүндө өлкөдөгү туристтик сезон «Кыргызстанды майдын ыргагында ач!» ураанынын алдында жарыяланат. Бул майрам күндөрү өлкөнүн жашоочуларына жана конокторуна үй-бүлөсү менен чогуу эс алып, жашыл өрөөндөрдө жана бийик тоолуу көлдөрдөн тартып, ден соолук чыңдоочу курортторго жана маданий борборлорго чейин саякаттоо мүмкүнчүлүгү сунушталат.
Бүгүнкү “Ачык кеп” программасында быйылкы туристтик мезгилге даярдык жана ички туризм кандай өнүгүп жатканы тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов жооп берди.