“Өчпөс полк” акциясы республикада толук өткөрүлөт. Бул күнү жалпы карыларга урмат көрсөтүлүшү керек

Sputnik
Быйыл Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата 8-майда аянтта майрамдык жүрүш, ал эми 9-майда башка майрамдалат. Бишкектеги иш-чара адаттагыдай саат 9:00дө Түштүк дарбазадан башталат, бирок жүрүшкө чыкчулар бир саат мурун келип тизилип, даяр болушу шарт. Катышуучулар Абдырахманов көчөсү менен "Жеңиш" аянтына чейин басып келишет.
Ошондой эле акция аймактарда жана башка калктуу конуштарда да уюштурулат. Негизи Жеңиш күнү ардагерлердин эмгеги эскерилет, даңкталат.
“Күн Башат” программасынын мейманы Сатыбек Молдалиев бардык 85 жаштан өткөн карылар даардагер катары сыйланышы керектигин белгиледи. Анткени согушта жеңишибизге согуш мезгилинин балдарынын да эмгеги зор.