Жапаров Путиндин чакыруусу менен Москвага барат

Sputnik
БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 8-9-майда Россиянын лидери Владимир Путиндин чакыруусу менен Россияга иш сапар менен барат. Бул маалыматты президенттин администрациясынан таратышты.
Мамлекет башчы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.
"Президент чет өлкөлүк мамлекет жана өкмөт башчылары, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бирге Москвадагы Кызыл аянтта өтүүчү мааракелик Жеңиш парадында болот", — дешти алар.
Юбилейлик параддан Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын жоокерлери да өтөрү айтылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Кыргызстанда парад 8-майда өтүп, Жеңиш күнү президент Москвада болот