БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Баткендеги "Максат" чек ара заставасынын кызматкерин кармаганын билдирди.
Маалыматта чек арачы С.Т.С. Тажикстанга аткезчилик менен бодо мал өткөргөндөрдү калкалоого шектелип жатканы айтылат. Атайын кызмат "100 миң сом алып жаткан жеринен кармалган" деп кошумчалады. Комитет шектүү мындай сумманы ай сайын алып турганын жана анын жетекчилигинин да тымызын иштен кабары болгонун айтууда.