Песков: Москвада 9-май тынч майрамдалышы үчүн баарын жасайбыз

Sputnik
БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Атайын кызмат менен аскердик бөлүктөр Улуу Жеңишти майрамдоо Москвада тынч, коопсуз өтүшү үчүн бардык чараларды көрүүдө. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Киев режими дагы деле террорчулукка ыктаган мамилесин көрсөтүүдө.
"Атайын кызмат менен аскердик бөлүктөр Улуу Жеңиш Москвада тынч, коопсуз, бейкапар майрамдалышы үчүн колдо болгон бардык чараларды көрүүдө", — деген Песков журналисттерге.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленскийдин опузасы эми 9-майда Москвадагы парадга келчү лидерлерге багытталды