Советтер Союзунун ар тарабына багыт алган "Жеңиш эшелондору" күзгө чейин тынган эмес. Борбор калаага келген алгачкы поездди кинооператорлор тартып алган. Борбордук мамлекеттик архивдин кинофонофотодокументтеринин арасында сакталган тасманы колумнист Алмаз Батилов алып чыккан.
"Кызыл Кыргызстан" гезитинин кабарчысы Б. Карабаев "Жоо жеңгендер келишти" аттуу макаласында борбор калаадагы темир жол вокзалында элдин кубанычына күбө болуп, бул тарыхый окуяны төмөнкүчө сүрөттөгөн:
"18-июлда Фрунзе шаарынын эмгекчилери душманды талкалап, Берлинге жеңиш туусун орнотуп, туулуп-өскөн жерине кайтып келаткан кыргыз жоокерлеринин биринчи группасын чексиз кубаныч менен тосуп алышты.
Колдоруна гүл алып поезддин келишин чыдамсыздык менен күтүп турган эл вокзалдын радиосунан "поезд Пишпек станциясынан чыкты" деген сөздү угуп, дуу койгон бойдон перронду көздөй бет алышты. Вокзалдын аянты кооздолуп жасалгаланган, оркестр марш күүлөрүн ойноп жатты. Эл арасынан кээ бирлери бийлеп, ырдап жатышты.
Мына, балбан паровоз вокзалга жакындап, түтүнүн бурулдатып асманды жаңыртып кыйкырды да, келип токтоду. Күтүп турган эмгекчилер вагондогу жоокерлерди узакка созулган кол чабуулар менен тосуп алышты. Жарадар боец Григорьевди эки келин вагондун тепкичинен көтөрүп түшүрдү. Көп убакыт өтпөстөн эле вокзалдын аянтында салтанаттуу митинг өткөрүлдү. Митингди эмгекчилер депутаттарынын Фрунзе шаардык советинин председатели жана демобилизациялангандарды тосуп алуу боюнча уюштурулган комиссиянын председатели Свищев ачып, кыскача сүйлөдү. Ал аскер катарынан келгендерди куттуктоо менен бирге демобилизациялангандарды тосуп алуу үчүн шаардын эмгекчилери көрүп жаткан камкордугун айтты. Жолдош Свищев: "Биз кыргыз элинин баатыр уул-кыздарын дал ушул вокзалдан фронтко жөнөткөн элек. Азыр алардын бардыгын дал ушул вокзалдан кубаныч менен тосуп алабыз," — деди".
Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Ала-Тоодон 300 миңден ашык аскер аттанып, 100 миңден ашуун жоокер курман болгон. Азыркы күндө да анын ичинен беш миңден ашуунунун тагдыры белгисиз бойдон калууда.
Тема боюнча: