БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Борбордо Советтер Союзунун эки жолку Баатыры Талгат Бегелдинов эскерилип, анын эстелигине урмат менен гүлчамбарлар коюлду.
Иш-чарага Россиянын Кыргызстандагы элчиликтеги кеңешчи Сергей Храмов, Пакистан элчиси Хасан Али Заигам, ЖКнын депутаты Пархат Тулендыбаев, баатырдын атындагы фонддун төрагасы, казактардын "Алаш" эл аралык коомунун жетекчиси Эркин Булекбаев келди. Андан сырткары Ленин райондук администрациясынын башчысы Жыргалбек Шакиев, баатырдын тууганы, ардактуу авиатор Мира Камалова, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ардагерлер жана шаар тургундары катышты.
Талгат Бегелдиновду эскерүүгө элчиликтерден, маморгандардан келишти.
© Photo / Посольство России в Кыргызстане
Россиялык дипломат Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргыз ССРинин көп улуттуу калкы биримдикте түп көтөрүлө Мекенди коргоого катышканын, Жеңишти жакындатканын белгиледи. Россия менен Кыргызстандын тарыхый чындыкты сактоодогу позицияларынын биримдигин айтты. Бегелдиновдун образы аркылуу Жеңишти алып келген бардык жоокерлерге, каарман тылдагыларга, эмгекчилерге ыраазылык айтылып, урмат менен эскерилерин кошумчалады.
Талгат Бегелдинов согуштагы эки жылда Бегелдинов душмандын жердеги аскерлерин камалоо үчүн 305 жолу учкан, асмандагы кармашта өзү жалгыз беш учакты (4 Мессершмитт Bf 109 жана бир Юнкерс Ju 87), ал эми кесиптештери менен эки самолетту атып түшүрүп, жерден душмандын бир топ аскери менен техникасын жок кылган.
Баатыр 2014-жылдын 10-ноябрында дүйнө салып, Алматыдагы "Кенсай-1" көрүстөнүнө коюлган.