Бишкектеги бир нече автобустун каттамы убактылуу өзгөрдү. Жаңы схема

Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Бишкек мэриясы борбор калаадагы бир катар автобустардын каттамы төрт күнгө өзгөргөнүн айтып, коомдук транспорттун убактылуу схемасын жарыялады.
Маалыматта бүгүн, 7-майдан тарта 10-майга чейин №36, №56, №101, №118 жана №135 автобустар Ибраимов, Шопоков, Жумабек жана Фрунзе көчөлөрүнө кирбей айланып өтөрү айтылат.
Мэрия убактылуу бул өзгөрүү Жеңиш күнүнө карата уюштурулган иш-чараларга байланыштуу экенин белгилеп, шаардыктарды ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарын алдын ала пландап алууга чакырды.
9-майда "Ала-Тоо" аянтында дрон-шоу, Дима Билан катышкан концерт болот