БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Бейшембиде бийик тоолуу райондорго кар жаашы, ал эми күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 30…35, Талас өрөөнүндө 29…34, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 31…36, Ысык-Көл жергесинде 23…28, Нарын чөлкөмүндө 24…29 градус болот.
Термометр Бишкекте 33…35, Ош шаарында 34…36 градусту көрсөтөт.