Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен учурда айдоочулардын жол кыймылынын эрежесин канчалык билерин сурамжылоо, текшерүү иштери жүрүп жатат. Анын алкагында жол эрежесин бузган айдоочуларга жол кыймылы, жол коопсуздугу тууралуу суроолор узатылат. Анда начар жооп бергендерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилип жатат. Ал эми 1-сентябрдан тарта суроолорго жооп бере албаган, жол эрежесин билбеген айдоочулар “Унаа” мамлекеттик мекемесине кайрадан сынак тапшыруу үчүн жөнөтүлөт.
Бүгүнкү “Ачык кеп” программасында дал ушул иш-чара тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу жооп берди.