Шаарды көрктөндүрүүдө питомниктердин аянттары кеңейтилет

Sputnik
Бишкекте 100 гектар жерге түшө турган питомниктин беш гектарына бир айда 21 миңден ашуун бактын көчөттөрү тигилген. Кытай инвесторлордун жардамы менен түптөлө турган жай пландалууда. Буга чейин бактын 12 300 көчөтү жана 9000 түп бадал отургузулганын белгилеген. Анын арасында зараң, кытай акациясы, жөкө дарак, бегония, теректин үч түрү жана башкалар бар. Негизи эле шаардагы бак-дарактардын түрүнүн жаңыланышы, питомниктерди иштетүү, бактардын абалы жана башка маселелердин тегерегинде маектештик.