ЖКККББ: жакында абхаз, армян номерлүү унааларга рейд жүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Жакында абхаз, армян номерлүү унааларга рейд жүрөт. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Жол милициясы чет өлкөлүк номерлүү унаалардын ээлерине кайрылып, көлүктөрдү кечиктирбей мыйзамдаштырууга чакырды.

"ЖКККББ кызматкерлери качан текшерип айып короого токтотот деп отура бербей, эртерээк барып мыйзамдаштыргыла. Өкмөт 1-октябрга чейин убакыт берди. Жакында рейд жүрөт", — деп айтылат маалыматта.

Чет өлкөдө катталган автоунааларды Кыргызстанга ташып келүүгө тыюу салынды