Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Россиянын ок атышууну токтото туруу чечимине баа берди

Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Россиянын май айындагы элдешүү боюнча чечими Украинадагы чырды жөнгө салууда чоң мааниге ээ. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп Ак үйдө билдиргенин РИА Новости жазды.
"Россия лидери үч күн ок атышууну токтото турууну демилгеледи. Аз көрүнгөнү менен, эмнеден баштаганыбызды эске алсак, бул көп нерсени түшүндүрөт", — деген АКШ президенти.
Буга чейин Владимир Путин Жеңиштин 80 жылдыгына карата согушту токтото турууну сунуштаган. Убактылуу элдешүү 8-майдан 10-майга чейин күчүндө болот. Анткен менен бул мезгил аралыгында Украина убактылуу элдешүүнү буза турган болсо, Россиянын Куралдуу күчтөрү жооп кайтара турганы белгиленген.
Зеленский Москванын бул сунушун четке кагып, Киев режими 9-майда Москвадагы парадда чет элдик коноктордун коопсуздугуна кепилдик бере албай турганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда Европанын Украина боюнча планы тууралуу айтып беришти