Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Акыркы чабуул: Советтик Армиянын Праганы бошотушу. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. 1945-жылы 6-майда Советтик Армиянын Прагадагы чабуулу башталып, ал 9-майда, Жеңиш күнү, соңуна чыккан. Тарыхый күндү Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы эске салып, видеосун жарыялады.
Берлин дээрлик кол куушуруп бергенден кийин Праганын аймагында генерал-фельдмаршал Шёрнер жетектеген, миллион кишиси бар "Центр" армиясынын тобу калган эле. Англиялык жана америкалык союздаштарынын көзүнө керектүү киши болуп көрүнгүсү келген Шёрнер көпкө чейин баш бербей турууну кааласа да тез эле күчүн жоготуп, тоого качууга аргасыз болгон.
"Чехтер бизди кучак жайып тосуп алышты. Муздак суу көтөргөн балдар танкаларга чейин келип, кучак толо гүл берип жатышты. Кичинесинен чоңуна чейин ушундай кубанышты", — деп кийин айтып берген советтик танкачы Василий Москаленко.
Прага 9-майда бошотулган, бирок акыркы нацисттер 11-майда барып жок кылынган.
Бул Кызыл Армиянын Улуу Ата Мекендик согуштагы акыркы чабуулу эле.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Ош шаарына Москвадан Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келинди. Сүрөт