Радио

Джумадилде уулу: профсоюздар өз милдетин аткара баштады

Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу учурда мектептерде Эмгек кодекси жана жумушчулардын укугу тууралуу семинарлар өтүп жатканын айтты.
Sputnik
Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясы былтыр жумушчуларга 81 миллион сом компенсация өндүрүп берди. Бул тууралуу Мурадил Джумадилде уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда федерация мүчөлүгүнө карабай өлкөдөгү укугу бузулган бардык жумушчуга көмөк көрсөтүүдө.

"Мыйзам боюнча, профсоюздун мүмкүнчүлүгү көп. Эгерде мамлекеттен каржыланган ишканада жумушчунун укугу бузулса, жетекчисин жумуштан алганга, ал эми менчик ишканада жетекчисин 6 айга кызматтан четтетүүгө укугубуз бар. Өткөн жылдын август айынан тарта жалпы 980дей ишкананы текшердик. Укук бузулган учурлар катталганда эгер 6 айдын ичинде кырдаал оңолбосо, катаал чараларды көрүүгө мажбур болобуз деп эскерттик. Бул профсоюз күчүнө кирип, өзүнүн милдеттерин аткарып, жумушчулардын укугун коргой баштаганын көрсөтөт", — деди Джумадилде уулу.

Ошондой эле ал учурда жумушчулардын укугун коргоо жаатында иштерди күчөтүү үчүн профсоюздун кызматкерлери кошумча окутулуп жатканын билдирди.