БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Ош шаарына Москвадан Кремлдин алдында жайгашкан Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келинди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аны Россиянын легендалуу спортчусу Гиннесстин рекорддор китебине XX кылымдын эң мыкты лыжачысы катары кирген Елена Вяльбе жеткирген.
Эл аралык акциянын алкагында Ош шаарындагы "Өчпөс от" мемориалдык комплексинин алдында жыйын-реквием өтүп, от жагылды. Иш-чарага жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, Россотрудничествонун өкүлдөрү, Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу, ардагерлер катышты.
Өчпөс оттун бөлүкчөсү эми өлкөнүн башка шаарларына өткөрүп берилмекчи. Иш-чара быйыл Ош шаарында төртүнчү жолу өтүп жатат.