БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Чүйдө жөө бараткан адамды сүзүп чет жакка качып кеткен киши өлкөгө кайтып келе жатканда аэропорттон кармалды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдимеге караганда, жол кырсыгы 1-май күнү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда (Кеминдин тушунда) болгон. Айдоочу кырсык болгон жерден из жашырып кеткен. Жабыркаган адам ооруканадан үзүлгөн.
"Күбөлөрдөн сурак алып, автоунаанын табылган жерин кароо учурунда маркумду Honda машинасынын 29 жаштагы айдоочусу сүзгөнү аныкталган. Айдоочу кырсыктан кийин Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен", — деп жазылат маалыматта.
ЖКККББ айдоочу беш күндөн кийин кайра өлкөгө кайтып келгенин, "Манас" аэропортунан колго түшкөнүн кошумчалады.