"Азия Молл" соода жайында бомба бар деп элди дүрбөткөн киши кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Бишкектеги "Азия Молл" соода борборунда бомба бар деп элди дүрбөткөн киши кармалганын Бишкек ШИИБден билдиришти.
Ага ылайык, белгисиз киши милицияга жашыруун номер менен бомба тууралуу кечээ кечинде чалган. Жерине барган укук коргоо органдары имараттан эч кандай жардыргыч зат табышкан эмес.
Милицияны "ойноткон" 31 жаштагы А.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
ШИИБ мындай кылмыш үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын кошумчалады.
Үй берем деп элден акча чогулткан "Ашардын" негиздөөчүсү кармалды. Видео