БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. Министрлер кабинети Социалдык фондду Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражатынын эсебинен 1 миллиард 750 миллион сомго "Ала-Арча" соода борборун сатып алууга милдеттендирди.
Минкабдын атайын буйругу менен Мамлекеттик мүлк агенттигине "Ала-Арча" акционердик коомун түзүү жана анын уставдык капиталына төмөнкү объект, жер тилкелерди кошуу тапшырмасы берилген:
"Ала-Арча" соода-көңүл ачуу борборунун имараты;
Айтматов проспектиси, 299В дарегиндеги 10,7 миң чарчы метр жер тилкеси;
Айматов — Масалиев проспектилеринин кесилишиндеги 3,3 миң чарчы метр жер тилкеси. Ал убактылуу колдонууда;
Ошондой эле Социалдык фондго Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун каражатынын эсебине акционердик коомду алуу тапшырмасы берилди. Түшкөн 1 миллиард сом 750 миллион сом өлкөнүн Турукташтыруу фондуна жөнөтүлөт.
Эске салсак, апрелдин ортосунда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик соода борбордун өзүн жана биринчи айтылган жер тилкени аукционго койгон. Анда баштапкы баа 1 миллиард 244 миллион сом деп көрсөтүлгөн.