Баткендин Төрт-Гүлүндөгү арак-шарап заводу мамлекетке кайтарылды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Баткендин Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Чоң-Талаа айылындагы арак-шарап заводу мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 1997-жылы аталган айыл аймактын тургундарынын жыйынынын чечими менен "Төрт-Гүл" ЖЧКсы түзүлүп, ишкана менчикке өткөрүлгөн.
"2006-жылы арак-шарап заводунун 2,89 гектар аймагы чет элдиктердин тиешеси бар жеке фирмага арзан баага сатылып кеткен", — деп жазылат кабарда.
УКМК текшерүү жүргүзүп, натыйжада заводдун негиздөөчүлөрү менен директору заводдун мүлкү менен жер тилкени мамлекетке ыктыярдуу өткөрүп беришкени кошумчаланды.
УКМК: экс-чиновник мыйзамсыз ээлеп алган 23 га жер мамлекетке кайтарылды