БИШКЕК, 6-май — Sputnik. АКШ өлкөдөн өз алдынча чыгып кеткен мыйзамсыз мигранттарга миң доллардан берет. Бул тууралуу Американын Ички коопсуздук министрлиги жарыялаган атайын программада айтылат.
Ал үчүн CBP Home тиркемесин жүктөп, программага катталып, АКШдан чыгуу зарыл. Мигрант мекенине жеткен соң АКШ бул үчүн миң доллар стипендия которуп берет. Ошондой эле өз алдынча депортациялангандарга кийин расмий жол менен АКШга келүүгө мүмкүнчүлүк берилери айтылды.
Ведомство мындай жол менен депортациялоого кеткен чыгымды 70 пайызга кыскартса болорун кошумчалаган. Азыр АКШ бийлиги мыйзамсыз жүргөн мигрантты өлкөдөн чыгарыш үчүн (камоо, кармоо жана мекенине жөнөтүү) орточо эсеп менен 17 миң 121 доллар сарптайт.
Өткөн аптада АКШ Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан мыйзамсыз барган 131 мигрантты депортациялаган. Процесс Өзбекстандын өкмөтү менен биргеликте ишке ашырылып, мигранттарды алып кетүүгө коңшу өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиеев учак жөнөткөнү маалым болгон.