7-майга карата аба ырайы

7-майга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-май — Sputnik. 7-май, шаршембиде, республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +29...+34, Талас аймагында +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын өрөөнүндө +24...+29 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +31…+33, Ош шаарында +32...+34 градуска көтөрүлөт.
Аптанын ортосуна чейин күн ачык болот. Бир жумага карата аба ырайы