Кубанычбек Батырбеков өзү билимдүү адам болгон. Орус тил мугалими болуп эмгектенип, Чолпонбай Түлөбердиевдин алгачкы мугалими болгон. Ал 1941-жылы 28-апрелде 18 жашында Белоруссияга армияга чакырылат. Арадан эки ай өтүп, 22-июнда согуш башталып кетет. Алар туурган шаар бүтүндөй курчоодо калып, немистердин колуна түшүп калышат. Кийин андан эптеп качып чыгып, советтик армиянын катарында минометчу катары кызмат кылат. Кан күйгөн согушта беш жыл согушуп жарадар болуп, 2-жолу да немистердин колуна түшүп, бирок 2 ай аралыгында кайра качып кетет. Жеңишти Австриянын Вена шаарында тоскон экен. 1945-жылдын кышында согуштан кайтып келип, мектепте мугалимдик ишин улантат жана Илгиз Айтматов, Роза Айтматова, Люция Айтматоваларды окутат.