Улуу Жеңишке 80 жыл! Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргыз аялдарынын эрдиги

Sputnik
Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиш менен аякташына кыргыз аялдардын эмгеги да олуттуу салым кошкон. Алсак, ошол кезде эң оор жана кайгылуу окуялардын бири Ленинграддагыблокадага Кыргызстан да 52 вагон азык-түлүк жеткирип, делегация курамына легендарлуу министр Күлүйпа Кондучалова да кирген. Ал 1987-жылы Мамлекеттик телерадио комитетинин бул боюнча атайын даярдалган берүүсүнө тарыхый окуяны эскерип айтып берген. Ал эми Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жубайы Керимбүбү Шопокова тылда тынымсыз эмгек кылган. Ал кыргыздар мурда эч өстүрүп көрбөгөн кызылча өстүрүп талаада иштеген. Ошол жылдары өнөрпоздор жоокерлерге дем-күч берүү максатында фронтко барып, жоокерлер үчүн концерттерди уюштурушкан. Арасында СССРдин эл артисти, кыргыз элинин тунгуч опера ырчысы Сайра Кийизбаева болгон. Алар кандуу майдан жылдарындагы тарыхый окуяларды эскерип, айтып бергени архивде сакталып калган.
Алардын эрдигин жана эскерүүсүн “Көз мончок” берүүсүнөн угуңуздар.