Заманбап Мугалим программасы – бул билим берүү чөйрөсүндөгү демилге. Максаты өз билим-тажрыйбасы жана мотивациясы менен мектеп билим берүүсүн өзгөртүүгө салым кошууга даяр кесипкөй адамдарды тартуу болуп саналат.Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен ишке ашырылууда. Программага катышкан жаратмандар эки жыл бою региондордогу жана айыл жергесиндеги мектептерде иштешет. Учурда Чүйдүн райондорундагы тогуз мектепте үчтөн жалпы 27 жаратман мугалим эмгектенүүдө. Алар окуучулар үчүн үлгү болуп, аларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуусуна жардам берет. Ошондой эле билим берүү системасын жаңылап, креативдүү экономиканын өнүгүшүнө салым кошууну көздөшөт.
Бул тууралуу коноктор Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек кутуп жатып билдиришти.